super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет депутаттык топтордун фракциядан бөлүнүшүнө макулдук берген жок

 

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин жактырды.

Демилгечи депутат Эристина Кочкарова мурда Конституциялык палата, Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечим кабыл алгандыгын эске салып, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечимди аткарууга багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары комитет мүчөлөрү жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдардын жооп берүү мөөнөтүн 14 күндөн 30 күнгө узартуу сунушун карашты.

"Жылына өкмөткө депутаттардан 2000ге жакын суроо-талап жиберилет. Андан тышкары 900гө жакын кайрылуу комитеттер менен фракциялардан келип түшөт. Аларга 14 күндүн ичинде толук жооп берүүгө убакыт жетишпейт. Ошондуктан кайрылуу каттарына жооп берүүнүн мөөнөтүн 30 күнгө узартуу зарыл",- дейт өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Рыскүл Абетекова.

Комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева, мыйзамга ылайык, жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдар 14 күндүн ичинде жооп бериши милдеттүү экендигин белгиледи. 

Талкуу жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: