Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлери кызматтан алынышты
Мирлан Бообеков

Мирлан Бообеков Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн 16-декабрда билдиришти. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Ташполот Козубаев Баткен облусундагы Исфана шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, буга чейин М.Бообековго кылмыш иши козголуп, былтыр декабрь айында кызматтан убактылуу четтетилген эле. Экс-мэр "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

