Оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун тийиштүү комитет 2-окууда жактырды
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 16-декабрдагы отурумунда оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Демилгечилер мындай чектөө өлкөдөгү жол коопсуздугун алдын ала камсыз кылуу үчүн киргизилип жатканын айтышты. Депутат Нарынбек Молдобаев оң рулдуу унааларды 6-7 жыл мурун эле өлкөгө киргизбей коюу туура болмок экенин айтат. "Мен 7 жылдан бери оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө каршы болуп келем. Эчак эле тыюу салыш керек болчу. Мунун айынан канчалаган адамдар өлүп кетишти?"- дейт депутат.
Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү демилгени 2-окууда жактырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

