super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина "каалоом жок, эгер партия талап кылса, министр болуп иштөөгө макулмун" деди

 
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине талапкер, депутат Ирина Карамушкина 16-декабрда журналисттер менен жолугушууда министр болууга каалоосу жок экенин билдирди. "Министрлик кызматка менин талапкерлигимди депутат Бахтияр Кадыров сунуштады. Менин буга чейин мектепте эмгектенгениме, жаштар менен иштешип калганыма байланыштуу болду. Эгер бул партиянын тапшырмасы болсо, партиянын мүчөсү катары тармакка сүңгүп кирүүгө макулмун, бирок жеке каалоом жок. Жогорку мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү талабы коюлуп жаткан учурда менде кыйынчылыктар болот. Айрыкча алыскы аймактарга барганда, жаштар мени менен пикир алыша албай калат",- дейт Карамушкина. 
Эскерте кетсек, аталган министрликти жетектөөгө депутат Данияр Тербишалиевдин да талапкерлиги сунушталып, ал сунушталган кызматтан баш тартты.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: