Дүйшөмбү шаарында 15 жыл бою колго токулуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген килем көргөзмөгө коюлду



Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн ирандык килемдердин көргөзмөсүндө колго токулган дүйнөдөгү эң чоң килем көргөзмөгө коюлду. Анын узундугу 16 метрди түзсө, туурасы 10 метрди түзөт. Бул килемди 50 адам 15 жыл бою колго токуган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. “Көргөзмөгө Иранда колго токулган 200дөн ашуун килем коюлду. "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген эң чоң килемибиздин салмагы 500 килограммды түзүп, анын өлчөмү 160 чарчы метрге барабар”,- дейт “Ирандык килемдер” компаниясынын өкүлү Тавхиди Халидманд.
Анын айтымында, колго токулган килемдердин сапаты жакшы болот жана ал көптөгөн жылдар бою кызмат кылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

))))
Саламатсыздарбы!
Айырм географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат. Мисалы: Анжыян, Дүйшөмбү, Түркия, Орусия, Ооганстан ж.б.