super.kg logo

Ош. Мектеп жетекчилери окуучу кыздардын коопсуздугун сактоо үчүн алар тууралуу толук маалымат топтоого милдеттендирилди

 

Бүгүнкү күндө жашы жете элек кыздарды зордуктоо фактылары артып жана окуучу кыздардын ар түрдүү терс кадамдарга барып жаткандыгына байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы шаардагы бардык мектептерде уюшулган кыздар кеңеши күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун талап кылды. Бул боюнча аталган башкармалыкка караштуу мектептердин жетекчилерине билдирилди. Муну Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, анда ар бир окуучу кыз боюнча толук маалыматтар алынып, сабактан тышкары эмне менен алек болору жана үй-бүлөлүк абалы боюнча маалымат топтоо зарылчылыгы айтылды. 

Кошумчалай кетсек, жакында Ошто 8-класстын окуучуларынын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Аталган башкармалык кабарлагандай, ал кыздар башка районго караштуу мектептерде окуганы аныкталды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызга кырк уйдон тыйуу. Бирок азыр акыл айтсан жаман корушот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: