super.kg logo

Бишкекте манасчылар Кааба Атабековдун жана Чоюке Өмүр уулунун китеп көргөзмөлөрү ачылды

 

Бишкектеги Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө манасчылар Кааба Атабековдун 90 жылдыгына жана Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөрү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда аталган китепканадан билдиришти. Көргөзмөдө манасчылардын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китептер, гезиттен алынган макалалар орун алды.

КРнын Эл артисти, залкар манасчы Кааба Атабеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы жарыкка келген. Ал 1940-жылы Фрунзе шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышып, "Манас" айтат. Ошондо Саякбай Каралаев анын "Манас" айтканын угуп, жактырып, батасын берет. К.Атабеков өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен, улуу баянды айтуусун эч убакта калтырган эмес.

Ал 2008-жылы 28-мартта дүйнөдөн кайткан.

Чоюке Өмүр уулу 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген. Ал Саякбай Каралевдин устаты болгон. Манасчы Шаабай Азизовдун айтуусу боюнча, чоң атасы Чоюке “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Сарык”, “Алымсарык”, “Кулансарык”, “Кенен”, “Акаяр”, “Акжол” аттуу бөлүктөрдү айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: