Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда курулуп жаткан үйлөрдүн баасын арзандатуу керектигин кытайлык ишкерлерге айтты

"Кыргызстанда курулуш индустриясы өнүгүүдө, бирок батирдин баалары кымбат бойдон калууда. Батир сатып алууга өлкө жарандарынын чамасы жетпей жатат. Ошондуктан турак жайдын чарчы метринин баасын түшүрүү маселесин чечүү зарыл". Мындай пикирди депутат Турсунбай Бакир уулу 16-декабрда кытайлык ишкерлер менен жолугушууда билдирди. Жолугушууга катышкан депутат Нуркамил Мадалиев Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын мыйзамдын чегинде иштөөсүн көзөмөлдөө керектигин белгиледи.
Кытайлык ишкерлер өздөрүнүн компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү заманбап европалык технологиялар менен куруп жатканын билдиришкенин парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

