super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын комитетинде КТРКнын башкы директорунун коомдук-саясий жана диний уюмдарга мүчө болуусуна тыюу салынды

 
“КРнын Коомдук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда I окууда каралды. “КТРК жөнүндө” мыйзамда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо Жогорку Кеңеш тарабынан 5 талапкер бекитилери каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, сунушталып жаткан долбоордо аталган Жогорку Кеңеш бекитүүчү 5 талапкерден бирден кем эмес ордун парламенттик оппозицияга берилери белгиленген. Ошондой эле КТРКнын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда мүчө болбоосу каралган. Мындан сырткары башкы директордун жылдык отчёту Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилбеген учурда кызматынан бошотулары киргизилген. Соңунда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими менен Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: