Мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жетекчилеринин статусу мамлекеттик кызматкерлерге теңдештирилет
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттин үлүшү бар ишкердик субъект жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага ылайык, 30 пайыздан жогору мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин мамлекеттик кызмат адамдарынын макамына теңдештирүү жобосу киргизилүүдө. Демилгечилердин айтымында, алар кылмыш кылган учурда административдик айып төлөө менен гана кутулуп кетүүдө. Ошондон улам андай жетекчилерге карата жаза чаралары кыйла оорлоштуруу аркылуу алардын жоопкерчилигин көтөрүү милдети турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

