super.kg logo
  Саясат  

Коомдук алдын алуу борборлорунун укуктук макамын аныктоо демилгеси 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңеште Коомдук алдын алуу борборлорунун катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачылардын айтымында, КААБдын иш-аракетин иликтөө көрсөткөндөй, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга анын статусунун укуктук жактан аныкталбагандыгы, каржылык булактары жана өздүк балансынын жоктугу, ошондой эле КААБдын иш-аракетин жергиликтүү жана республикалык деңгээлде аткаруу жетишсиз болууда.

Ошондон улам КААБдын коомдук коммерциялык эмес уюм катары укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуу максатында түзүлгөн статусун аныктоо сунуш кылынат. КААБдын координациялоо ишин азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде ийгиликтүү иштеп жаткан укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелерине өткөрүп берүүнү сунуш кылат.

Мындан тышкары КААБ иштери начар каржыланып жатканы, ал жергиликтүү бийлик органдарынын аракетине жараша чечиле турган башкы көйгөй экени белгилүү болду. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, алар атайын программаларды түзүү аркылуу жеке ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жардамын алат. Бирок алардын иши аларды түзгөн жергиликтүү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: