super.kg logo
  Саясат  

2014-жылдын 11 айында өлкөдө өнөр жай продукциясын өндүрүү 0,4 пайызга азайды

 

2014-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыктары боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүү реалдуу туюнтууда 0,4 пайызга азайды. 2013-жылдын январь-ноябрында өсүш 27 пайызды түзгөн. Көрсөткүч "Кумтөрдү" эсепке албаганда, өнөр жайындагы 4 пайыздык өсүштүн, энергетика тармагындагы 8,9 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыз кылынды. Бул тууралуу 16-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кайра иштетүүчү өнөр жайында жана пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө 1,5 пайызга жана 4,9 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2014-жылдын январь-ноябрында реалдуу өсүш 3,7 пайызды түздү, 2013-жылдын январь-ноябрында 5,8 пайыз өсүш болгон. Соода, автоунааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануучу нерселерин оңдоо кызматтарынын өсүшү 5,8 пайызга барабар болгон. Мында чекене сооданын өсүшү (автоунааларды жана күйүүчү-майлоочу майларды сатуудан тышкары) 7,8 пайыз болду.

Мейманканалардын жана тойканалардын кызматтары 2014-жылдын январь-ноябрында 8,9 пайызга көбөйдү (2013-жылдын январь-ноябрында 13,4 пайыз өсүш болгон).

Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 25,6 пайыз өсүш менен 80 104,5 миллион сомду түздү (2013-жылдын январь-ноябрында өсүш 16,5 пайызды түзгөн).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: