super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Коомдук алдын алуу борборлорунун жергиликтүү бюджеттен каржыланышына каршы болууда

 

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук алдын алуу борборлорунун катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Долбоорго депутат Исмаил Исаков каршы. Анын айтымында, Коомдук алдын алуу борборлорун түзүүгө кенен укук берсек, “дежур” уюмдардын саны көбөйүп кетиши мүмкүн. 

“Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен каржыланат экен. Мамлекет пенсионерлердин пенсиясын жакшы төлөй албай жатканда бул борборлорго кантип айлык төлөп бермек эле? Мен мыйзам долбоорун колдобоого чакырам”,- деди Исаков. 

Мыйзам долбоорунда коомдук борборлорго акы төлөө ыктыярдуу түрдө берилери айтылат. Ал эми түзөтүүлөр жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашырууга, укук бузуулардын алдын алууда КААБдын каржылык жактан көз карандысыз субъект болуусуна мүмкүнчүлүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: