super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ээси аныкталбаган үйлөрдү соттун чечимисиз бузуу сунушун талкуулашууда

 

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында “КРнын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, ээси аныкталбаган учурда мыйзамсыз салынган курулушту бузууга уруксат берилет. Буга айрым депутаттар каршы. Депутат Анарбек Калматов "Мындай кылууга мүмкүн эмес, анткени жаңы конуштардагы жерлердин баарынын документи бар. Жалган, туура эмес болсо да токтомдору бар, ал документтерди эмне кылабыз? Алгач сотко кайрылып, курулуштун ээси жок экенин аныкташ керек. Андан кийин каалаганыңарды кыла берсеңер болот",- деди депутат мэриянын өкүлүнө.

Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев ээси аныкталбаган үйлөр боюнча ишти соттор кабыл албай жатканын айтты.

Бирок буга айрым депутаттар макул болушкан жок. Курманбек Осмонов "ээси аныкталбаган курулуштар боюнча иштерди соттор карап, ээси жок деген чечим чыгарып бериш керек" деп билдирди. 

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: