Орусиянын футбол кеңеши: “Рублдун наркынын төмөндөшү 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна болгон даярдыкка таасир эткен жок”

Орусиянын футбол кеңешинин президенти Николай Толстых акыркы кездерде рублдун наркынын төмөндөп кетиши 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна болгон даярдыкка таасир этпегенин айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Н.Толстых Дүйнө чемпиондугуна даярдык өз нугунда жүрүп жатканын жана Орусия рублдун наркынын төмөндөшүнө карап мелдешти өткөрүүдөн баш тартпай турганын баса белгилеген.
Кошумчалай кетсек, Британия буга чейин Орусияны мелдешти өткөрүү укугунан ажыратууну суранып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.