super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Борбор калаада мамлекеттик гербдин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү

 
Гербдин авторлорунун бири А.Абдраев
Гербдин авторлору А.Абдраев жана С.Думанаевди куттуктоо учуру...

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болду. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов ачып, гербдин кабыл алынышы кыргыз эли үчүн абдан маанилүү күн экенин белгиледи. Жыйында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Д.Нарымбаев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Ч.Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Сариева чыгып сөз сүйлөштү. 

Салтанаттуу жыйын Кыргыз драма театрынын, Улуттук филармониянын артисттери тарабынан даярдалган ири концерт менен коштолду. 

Герб – Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик символу. А.Абдраев жана С.Думанаев тарабынан иштелип чыгып, 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: