super.kg logo
  Саясат  

Жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартууну депутаттар колдоого алышууда

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-декабрда жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Долбоордун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралса, башка мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Бул айырмачылыкты жоюп, кайрылууларга жооп кайтаруу мөөнөтүн 14 жумушчу күн деп белгилөө сунушталууда. 

Жарандардын кайрылууларына жооп берүү тартибин бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу жагы да каралууда.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: