Каржы министрлиги: Быйыл 11 айда саламаттыкты сактоо тармагына 9,9 миллиард сом жумшалды
2014-жылдын 11 айында социалдык чөйрөгө 48 миллиард 119 миллион 800 миң сом же республикалык бюджеттин чыгымынын 57,8 пайызы жумшалды. Муну бүгүн, 17-декабрда Каржы министрлиги кабарлады. Социалдык коргоого 20 миллиард 917 миллион 700 миң сом, билим берүү тармагына 16 миллиард 4 миллион 700 миң сом, саламаттык сактоого 9 миллиард 99 миллион 500 миң сом жумшалганы айтылды. "Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу социалдык чөйрөнүн чыгымдары 11 миллиард 921 миллион 700 миң сомго өстү",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

