Сузакта кар күрткүлөрүнө толуп калган унаа жолу толук тазаланды
Сузакта кар күрткүлөрүнө толуп калган унаа жолу толук тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагында 7-8-декабрь күндөрү жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Кыз-Көл айыл аймагынын балансындагы Кашка-Терек - Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаа жолу жабылган. Тазалоо иштерин 1 бульдозер жүргүзүп, 2014-жылдын 16-декабрында саат 18:20да ички чарбалык жол толугу менен тазаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.