Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты
Бүгүн, 17-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге Пешавар шаарында террордук кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. "Көпчүлүгү күнөөсү жок балдар болгон, көптөгөн курмандыктарга алып келген Пакистандын түндүгүндөгү Пешавар шаарында мектепке куралчандардын кол салганы тууралуу трагедиялык кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым",- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин тезирээк сакайышын каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

