super.kg logo
  Саясат  

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске кезектеги өзгөртүү киргизилүүдө

 

Бүгүн, 17-декабрда “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Долбоор кодекстин ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын негизги функцияларынын бири - салык мыйзамдарын сактоого, салыкты бюджетке эсептөөнүн тууралыгына жана өз учурунда түшүрүүгө, мыйзамдар менен белгиленген талаптарга ылайык салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча салык төлөөчүлөргө көмөк көрсөтүүгө көзөмөлдүк кылуу. Бирок бүгүнкү күндө Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин ченемдери жеткиликтүү эмес экенин айтты баяндамачы. 

Долбоордо кирешени жашыруу менен салыктан качууда, көзөмөлдүк-кассалык машиналарды (контролдук тасмаларды) пайдаланууга байланышкан документтердин сакталышын камсыз кылбоодо, көзөмөлдүк-кассалык машиналарды колдонбой калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, кассалык аппараттан өткөрбөөдө, кардарга кассалык чек бербөөдө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн кассалык чек берүүдө, салык органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлдүк-кассалык машиналарды карап көрүшүнө тоскоолдук кылууда администрациялык айып пул салуу жагы каралган.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: