Парламент жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартуучу мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды
Жогорку Кеңеш 17-декабрда жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Долбоордун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралса, башка мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Бул айырмачылыкты жоюп, кайрылууларга жооп кайтаруу мөөнөтүн 14 жумушчу күн деп белгилөө сунушталууда.
Жарандардын кайрылууларына жооп берүү тартибин бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу жагы да каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

