super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Бишкек менен Оштогу мекемелерди видеокамера орнотууга милдеттендирүүчү мыйзам кабыл алды

 

Депутаттар Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жана “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 3-окууда кабыл алышты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 17-декабрындагы жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын жана Ош шаарынын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат. Аларды орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: