Жогорку Кеңештеги айым депутаттардын кезектеги форуму өттү

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-декабрда айым депутаттардын форуму өттү. Жолугушууга парламенттеги 5 фракциядан 10 айым депутат катышканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга депутат Айнуру Алтыбаева жетекчилик кылып, анда шайлоо кампанияларында гендердик баланстын сакталышына тийиштүү мыйзам долбоорлору талкууланды. Маселе боюнча эксперт Зульфия Көчөрбаева маалымат берип, шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө тыюу салууну сунуштады. Депутаттар жыйында айтылган маалымат, сунуш-пикирлерди эске алуу чечимине келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

