super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу "Султан Ибраимовду өлтүргөндөр ким экени 6 жылдын ичинде билинет" дейт

 

Белгилүү мамлекеттик ишмер, маркум Султан Ибраимовду өлтүргөндөр 6 жылдын ичинде ачыкка чыгат. Муну депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ибраимовду өлтүргөндөр ошол кезде кыргыз бийлигин жетектеп турушканын эскертти депутат.

“Кыңыр иш кырк жылда билинет. Ибраимовдун киши колдуу болуп өлгөнүнө 34 жыл болуптур. Мен ишенем, дагы 6 жылдын ичинде өлтүргөндөр ким экени ачыкка чыгат”,- дейт Бакир уулу.

Айта кетсек, Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. 1980-жылы 53 жашында Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында киши колдуу болуп каза тапкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: