Султан Ибраимовго "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү боюнча токтом кабыл алынды
Парламент депутаттары бүгүн, 17-декабрда Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, маркум Султан Ибраимовго “Кыргыз Эл баатыры” наамын берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алышты.
Демилге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган эле. Айта кетсек, ССР Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

