super.kg logo
  Саясат  

Биринчи канайым Раиса Атамбаева кайрымдуулук кечеси үчүн дарыгерлерден акча жыйноого жол берилбеши керек деп эсептейт

 
"Кыргызстандын биринчи канайымы Раиса Атамбаева дарыгерлерди мажбурлоо менен (акча төлөтүү аркылуу) кайрымдуулук иш-чараларга катыштырууга жол берилбеши керек деп эсептейт",- деп билдирди президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов.  
Айта кетсек, буга чейин маалымат булактарына балдар онкологиясы бөлүмүн колдоо иретинде уюштурулуп жаткан кайрымдуулук кечесине акча төлөө менен катышууга Улуттук онкология борборунун дарыгерлерин мажбурлоо болуп жатканы, ал иш-чарага президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын катышары жарыяланган эле.
"Биринчи канайым Раиса Атамбаева балдар онкологиясы бөлүмүн колдоо иретинде уюштурулуп жаткан кайрымдуулук кечесине чакыруу алган, бирок ага барууну пландай элек",- деп билдирет Токтогулов. 
Бул кырдаалды Саламаттыкты сактоо министрлиги териштириши керектиги, эгер факт аныкталса, күнөөлүү тарапка катуу чаралар көрүлүшү керектиги кошумчаланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: