super.kg logo
  Саясат  

Талас. Маданият күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү өттү

 
Фотокөргөзмө 6-ноябрда Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өттү. Анда маданияттын мыкты кызматкери, учурда облустук музыкалык драма театрында оператор жана фотограф болуп иштеп жаткан Бердибек Султанмуратовдун 60тан ашык сүрөтү коюлду. Фотокөргөзмө өз ичине спорт, медицина, саясий жана коомдук турмуш, каада-салт, тарыхый жерлер жана башка бир топ багыттагы сүрөттөрдү камтыды. Айта кетсек, Бердибек мырза учурда ичине 3000ден ашык сүрөттү камтыган эл аралык маанидеги фотоальбом чыгарып жатат. Ага Түркия мамлекети демөөрчүлүк кылууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: