Жанар Акаев: "Жаштар министри катары иштеп кетүүгө көзүм жетет"

"Эмгек, миграция жана жаштар министри катары иштеп кетүүгө көзүм жетет",- деп билдирди SUPER.KG`ге журналист Жанар Акаев. Министрликке талапкер болуп чыгууну депутаттар сунуштаганын айткан журналист: "Талапкер болуп чыгар-чыкпасым бир-эки күндүн ичинде чечилет, азыр ойлонуп жатам. Негизи, министрликти алдыга сүйрөп кетериме ишенем, жаштар саясаты, миграция боюнча көптөгөн ойлорум бар. Грузияда менден жаш министрлер бар, кыскасы, министр болуп калсам мекендештерге, айрыкча жаштарга таяныч боло аларымды көрсөтүүгө менде толук мүмкүнчүлүк бар",- деп билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Белгилей кетсек, аталган министрликти жетектөөгө мурунку министр Алиясбек Алымкуловдун жардамчысы Төлөн Усупбаев, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун да талапкерлиги сунушталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

