Жоомарт Оторбаев Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларын сыйлайт
Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгына арналган салтанаттуу кече өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышмакчы. Кечеде көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн активдүү уюштуруучулары жана катышуучулары сыйланары айтылды.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн командалары катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

