super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети билим берүү жана илим министрлигине Эльвира Сариеванын талапкерлигин колдоду

 

Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 17-декабрдагы кезексиз жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Эльвира Сариеванын талапкерлигин жактырды. Муну Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы отурумунда комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди. Сариева аталган кызматка Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталып жатат. 

Учурдагы вице-премьер-министрдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүн карайт. Жыйында депутаттар аталган министрликтин жетекчисин тез арада бекитүүнү сунуш кылышты. “Окуу жылы жарымдап калды, бизге министр керек. Мүмкүн болсо, бүгүнкү жыйында карап, колдоп берели”,- дешти депутаттар. 

Айта кетсек, Эльвира Сариева учурда вице-премьер-министрлик кызматты аркалайт.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: