Бишкекте 6 жаштагы баланы уруп койгон 7-класстын окуучулары милиция бөлүмүнө алынып келиништи
Борбор калаада 6 жаштагы баланы уруп койгон 7-класстын үч окуучусу милиция бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен С.Жылдызкан аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 12-декабрь күнү Атай Огомбаев көчөсүндө жайгашкан гимназиянын жанынан 7-класстын үч окуучусу анын уулун уруп койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында алар Альберт, Эрлан жана Кеша аттуу 7-класстын окуучулары экени аныкталды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жана түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.