Депутаттар электр энергиясынын тарифтерин кайрадан талкуулоону сунушташууда
Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков электр энергиясынын жаңы тарифтерине эл нааразы болуп жатканын айтып, маселени парламентте кайрадан талкуулоону сунуштады. Депутат тарифтер боюнча элге маалымат жетпей калганын айтат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Эл жаңы тарифтерге түшүнбөй жатышат, 700 киловатт, 2 сом 5 тыйын деген сандар кайдан чыкканын сурашууда. Ачык айтканда, "Биз силерге ишенип, депутат кылып шайладык эле, бирок жоопкерчиликтен качып электр энергиясынын баасын аныктоону өкмөткө берип койдуңар. Мындай болсо, бизге кийинки парламенттин кереги жок" деп жатышат. Өкмөттү чакырып, бул маселени элге жеткидей кылып ачык талкуулоону сунуштайм",- деди Жумабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

