super.kg logo
  Саясат  

Адис: “Ар-намыс” партиясы кийинки парламентке өтпөй калышы мүмкүн”

 

“Ар-намыс” партиясы кийинки парламенттик шайлоодо аз добушка ээ болуп, тышкы жардамсыз парламентке өтө албай калышы мүмкүн”,- деди Стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Асел Дөөлөткелдиева.

Анын айтымында, шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында аталган партия 5 эле шаарда мандаттарга ээ болгон. "Башка партиялардыкына салыштырмалуу бул көрсөткүч аз. Мисалы, КСДП 31 шаардык кеңеште, "Ата Мекен" партиясы 27 шаардык кеңеште, "Республика" партиясы 23 шаардык кеңеште мандат алышкан",- деп билдирди адис.

Эскерте кетсек, буга чейин “Партиялык өнүгүү жана аймактардагы шайлоо алдындагы кырдаал” деген темадагы сурамжылоого жалпысынан 89 саясий жана коомдук ишмер катышкандыгы айтылган. Алардын 57си партиялык кызматкер, 32си жергиликтүү байкоочулар. Изилдөө республиканын 7 шаарында өткөн: Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Токмок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: