super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Бишкектеги көрнөк-жарнактардын 90 пайызы башка тилде экенин айтышты

 
Бишкектеги көрнөк-жарнактардын 90 пайызы чет тилинде жазылган. Муну парламенттин 18-декабрдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев билдирип, депутаттарды шаарды жөө кыдырып чыгууга чакырды. 
"Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мыйзам кабыл алабыз, бир аз көңүл бурган болобуз, ошону менен унутулат. Келгиле, бир күнү Алматы көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жөө басып өтөлү. Көрнөк-жарнактардын 60 пайызы англис, 25-30 пайызы орус тилинде жазылган. Биз көнүп калдык, байкалбашы мүмкүн. Сырттан келгендерге дароо көрүнөт, алар жазууларды көрүп Кыргызстанга келгенине ишене албай кетишүүдө",- деди Абдиев.
Депутаттын оюн төрага Асылбек Жээнбеков колдоого алды. "Өкмөттө патриоттук сезим болушу керек. Биринчи кыргыз тилинде чоң кылып жазуу зарыл, калган тилде майдараак кылып жаза беришсин. Бул боюнча тийиштүү тапшырмалар берилет",- деди спикер.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: