super.kg logo

Нарын шаары Жаңы жылга карата кооздолуп, 2 балаты орнотулду

 
Нарын шаарында Жаңы жылга карата кооздоо иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда шаардын аймагында 2 балаты орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-декабрда Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, балатынын бири Нарындын борбордук аянтына орнотулуп, бийиктиги 15 метрди түзсө, 10 метр келген балаты стадиондо орнотулду. Ошондой эле шаардын көрүнүктүү жайлары Жаңы жылга карата жасалгаланып, мамлекеттик мекемелер арасында өз имараттарын кооздоо боюнча атайын сынак жарыяланды. Сынактын жыйынтыгы 23-декабрда жыл мыктыларын аныктоого багытталган иш-чаранын алкагында чыгарылып, мэрия жана шаардык кеңештин берген баасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: