super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы: “Күнөөсүз камакта отурган Шахида Аманбаева боюнча эч ким жоопко тартылган жок”

 
“Күнөөсүз камакта отуруп чыккан Шахида Аманбаева боюнча эч ким жоопко тартылган жок”,- деп билдирди акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында. “Шахида Аманбаева соттун өкүмүн камакта 3 жыл күтүп отурган. Бирок 3 жыл камакта кармалып келгени боюнча эч ким жоопкерчилик албады. Мындай далилдер бир топ”,- деди Аманбаев.

Айта кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүү фактысына шектелип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев кармалышкан. Шахида Аманбаева "адам өлтүрүү фактысын жаап-жашырган" деген айып менен кармалып, камакка алынган. 

Облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: