super.kg logo
  Саясат  

2010-жылдан бери митингдерде коомдук тартипти бузганы үчүн 6 адам кылмыш жообуна тартылган

 

Кыргызстанда 4 жыл ичинде саясий акцияларды өткөрүүдө коомдук тартипти бузганы үчүн 6 адам кылмыш жообуна тартылган. Муну Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев адам укуктарынын корголушу боюнча баяндама жасап жатып билдирди. Вице-премьер 4 жыл ичинде өлкөдө 4 миңдей акция өткөнүнө токтолду. 

"Саясий акцияларга жалпы 190 миңдей адам катышкан. Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 6 адам кылмыш жообуна тартылса, админитративдик жоопкерчиликке 500 адам тартылган. Тынч чогулуштарды өткөрүүдө укук коргоо органдары мыйзамдарга таянып көзөмөлгө алышат. Коомдогу тартипти камсыз кылууда укук коргоо органдарына курал колдонууга жол берилбейт”,- деди Маматалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: