Акыйкатчыга быйыл 12 миңдей жаран кайрылган
Кыргызстандын акыйкатчысына 2014-жылдын 11 айында 12 миңдей жаран кайрылган. Муну бүгүн, 18-декабрда парламенттеги баяндамасында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Анын айтымында, арыз-даттануулардын 68 пайызы укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болгон.
Автор: Автандил Добулбеков
"Ички иштер министрлиги, сот, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин туура эмес аракеттери же аракетсиздигине байланыштуу көптөгөн арыздар түшкөн. Биздин институт тарабынан системдүү түрдөгү укук бузуулар аныкталууда. Чечүүгө зарыл болгон 7 маселе боюнча атайын баяндама даярдап, парламентке жибердик. Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип берсе, укугу бузулган жүздөгөн адамдардын укугун калыбына келтирүүгө жетише алабыз",- дейт акыйкатчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

