Кубанычбек Турдубаев: "Декабрдын 11ине чейин колдонулган электр кубаты өзүнчө, андан кийинкиси өзүнчө эсептелет"
Кыргызстанда 11-декабрдан бери электр энергиясы боюнча жаңы тарифтер иштеп жатат. Ага ылайык, абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөөгө өтөт. Мындан улам абоненттерде "11-декабрга чейин колдонулган электр энергиясы кантип эсептелет?" деген суроо жаралган. Буга жоопту энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"Бир айда колдонулган электр энергиясынын көлөмү ар бир суткага бөлүнөт. Автоматташтырылган системдин жардамы менен 10 күн ичинде (11-декабрга чейин) колдонулган электр кубаты боюнча өзүнчө эсептөө болот. Бул жаатта абоненттер кооптонбой эле койсо болот, эсептөөлөр так аныкталат",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

