Ысык-Көл. Түп районундагы жер титирөөнүн кесепетин иликтеген комиссия ишин 7-февралда жыйынтыктайт
Түп районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Тюпеев "жер титирөөнүн кесепетинен үйүбүз жабыркады" деп кайрылган жарандардын турак жайын текшергенде, алардын көбү эски же болбосо пайдубалы жок болуп чыгууда" деп билдирди. 28-январдагы жер титирөөнүн кесепетин иликтеген комиссия учурда бир топ айыл өкмөттөрдө текшерүү иштерин улантууда. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы 7-февралда чыгарылмакчы. Акимчиликке келип түшкөн арыздардын көбү Түп жана Курбу айылдарынан жазылгандыгы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

