super.kg logo

Социалдык өнүгүү министрлиги кийинки жылы III элеттик аялдардын республикалык конференциясын өткөрөт

 

Социалдык өнүгүү министрлиги жана БУУнун айымдары биргеликте 2015-жылы III элеттик аялдардын республикалык конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев БУУнун өкүлү Сабина Махль менен жолугушууда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

"Биз эки жолу элеттик аялдардын конференциясын өткөрдүк. Биринчи жолу 2013-жылы Баткенде, экинчиси ушул жылы Нарында өттү. Мындан сырткары Кыргызстан үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүү боюнча долбоор жазып, 700 миң доллар грант утуп алды. Муну менен биз жарандык сектор менен иштешүүнүн жаңы деңгээлине чыга алабыз",- деди Кудайберген Базарбаев.

Өз сөзүндө Сабина Махль грант алуу маанилүү жышаан экенин белгилеп өттү. "Биринчи жолу бейөкмөт уюм мамлекет менен биргеликте ушундай грант алып отурат. Өзүңөр билгендей, үй-бүлөдөгү зомбулук өлкөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизерин иликтегенбиз",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: