Кыргызстан европалык уюм менен куралдар жана ок-дарылар боюнча программаны ишке ашыруу боюнча келишимдерди бекитти




КРнын Коргоо министрлиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ОБСЕ) жеңил атуучу куралдар жана ок-дарылар боюнча программаны ишке ашырууга байланышкан бир катар келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңил атуучу куралдарды жана ок-дарылардын запастарын колдонуу, аларды сактоо боюнча жаңы кампаларды куруу, Коргоо министрлигинин өздүк курамы үчүн тренингдерди өткөрүү, мөөнөтү бүткөн курал-жарак, ок-дарыларды жок кылуу боюнча маселелер камтылган келишимге коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Замир Суеркулов жана ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос кол коюшту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

