Бишкек шаарында төрт жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Бишкек шаарында төрт жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү унаа уурдоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн.
Ошондой эле анын 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткени белгилүү болгон.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кээ бир учурда кылмышты иликтөөдө тергөөнүн кызыкчыгы үчүн андай маалыматтар берилбейт.