super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Абдылдаев Латвиянын президенти Андрис Берзиньш менен жолугушту

 

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзүнүн Латвияга болгон расмий иш сапарынын алкагында 18-декабрда аталган өлкөнүн президенти Андрис Берзиньш менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар кыргыз-латыш мамилелери сый-урматтын негизинде өнүгүп келе жатканын белгилеп өтүштү. Министр Э.Абдылдаев Кыргызстан Латвия менен комплекстүү кызматташууга кызыкдар экенин айтып, кызматташты өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жөнүндө маалымдады. 

Ошондой эле бүгүн Эрлан Абдылдаев Латвиянын тышкы иштер министри Э.Ринкевич жана Латвиянын Сеймасынын төрагасы Гундарс Даудзе менен жолугушуу өткөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: