Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министрлигине Эльвира Сариеванын талапкерлигин карап жатат

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сунушу менен билим берүү жана илим министри кызматына көрсөтүлгөн Эльвира Сариеванын талапкерлиги каралып жатат. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сариеваны конкреттүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү экенин айтты. Депутат Курмантай Абдиев аны вице-премьер-министр болуп иштөөдө жакшы такшалып калганын айтып, министрликтин ишин алдыга жылдырып кетерине ишенерин билдирди.
Айта кетсек, Сариева учурда вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

