super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш адам укуктарынын корголушу жаатында токтом кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү адам укуктарынын корголушу боюнча өкмөттүк күн өттү. Жыйынга вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев менен Эльвира Сариева баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын бул багыттагы суроолоруна жооп беришти. Отурумда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенконун, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин, акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин, Кыйноолордун, дагы башка адамгерчиликке жатпаган же адамдын аброюн басмырлаган мамилелер менен жазалоолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун баяндамалары угулду.

Талкуу учурунда Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналары белгиленди. Ошондой эле адам укуктары бузулган адамдардын көйгөйүн ачыкка чыгаруу сунуштары айтылды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, өкмөткө адам укуктарына байланыштуу түзүлгөн абалды жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: