super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргыз Республикасынын кант тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль кант тармагын өнүктүрүү боюнча агроөнөржай тармагындагы адистер менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Валерий Диль жыйын учурунда белгилегендей, Кыргызстан бүгүнкү күндө өзүнүн кантка болгон муктаждыгынын 20 пайызын гана камсыздайт.

"Аталган тармакты өнүктүрүү аркылуу бир катар социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүн. Биринчи кезекте калкты сапаттуу кант менен камсыздоого жана кошумча жумушчу ордун түзүүгө шарт түзүлөт, тармактын келечеги кенен",- деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча “Кыргызагроөнөржайкант” түзүмүн уюштуруу чечими кабыл алынды, ага кант тармагын өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу маселеси жүктөлдү.

Кант индустриясын жандандыруу программасынын алкагында урук көйгөйүнө илимий мамиле жасоо, заманбап талаптарга жооп берген машина-техникалык парктарды түзүү, кант кызылчасын кайра иштетүү боюнча заводдорду реконструкциялоо жана калыбына келтирүү сунушталууда, натыйжада жылына кантты өндүрүү көлөмүн 100 миң тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: