super.kg logo

Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондорду сыйлады (фото)

 
Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 9-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондор сыйланышты.  
Салтанаттуу иш-чарага премьер-министр Жоомарт Оторбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, президенттик жана өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү катышышты. 
Анын жүрүшүндө Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу 40 мүнөткө созулган даректүү тасма көрсөтүлдү. Ага оюндарды өткөрүүдөгү даярдык, оюндар өтүп жаткандагы урунттуу учурлар камтылган. 
Өкмөт башчы Ж.Оторбаев тасманы башынан аягына чейин көргөн соң эл алдына чыгып, оюндар тууралуу өз сөзүн айтты. "Дүйнөнүн көңүлүн бурган Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын тарыхында өзүнчө бир орунду алат. Казакстандын премьер-министри, Башкортостандын президенти менен жолугушканда алар ушул тасманы көрүүгө кассеталарды сурашкан. Айрым коңшу мамлекеттер аталган оюндарды өз жерибизде өткөрөбүз дешет. Бул боюнча бир чечимге келишибиз керек",- деди премьер-министр. 
Ошондой эле өкмөт башчы: "2011-жылы президент Алмазбек Атамбаев көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин айткан. Быйыл бул тилек ишке ашты. Июнь айында оюндар башталарда акча аз, убакыт аз деп калганбыз. Бирок баарыңар биригип колдоо көрсөткөнсүңөр. Ошентип, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакшы маанайда жана ийгиликтүү өттү",- деп катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң оюндарды өткөрүүгө салым кошкондор Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйланышты. 
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 9-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн командалары катышкан





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.12.2014. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушчу куруучулардын айлык маянасын берип койгула!
19.12.2014. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салым кошкондорун сыйлапсын миллиондорду кымырып алгандарына кандай чара короор болдун экен АША!
19.12.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарына жаман корунуп,жуургон мадымаров мырза корунбойт го.
19.12.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nege jaman korunot Madumarov.?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: