super.kg logo
  Саясат  

Путин: "Кремль бекем корголгон, эч кандай төңкөрүш болбойт"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-декабрда журналисттерге масштабдуу маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында өлкө лидерине "ордолук төңкөрүш" тууралуу суроо берилип, президент ишенимдүү түрдө буларды айтты:

"Ордолук төңкөрүш боюнча тынчсызданбагыла, анткени бизде ордо жок, ошондуктан ордолук төңкөрүш болушу мүмкүн эмес. Бизде расмий резиденция - Кремль бар, ал жакшы корголгон, бул дагы биздин мамлекеттик стабилдүүлүктүн фактору. Бирок стабилдүүлүк буга негизделген эмес. Орусия элинин колдоосунан өткөн бекем база болушу мүмкүн эмес. Биздин ички жана тышкы саясаттагы негизги багыттар боюнча мындай колдоо бар. Эмне үчүн мындай болууда? Жарандар биздин, анын ичинде менин, Орусиянын көпчүлүк жарандары койгон кызыкчылыктары үчүн аракет кылып жатканымды жүрөктөрү менен сезип жатышат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: